super.kg logo

Учак кырсыгынан каза болгон экипаждын 3 мүчөсүнүн сөөгү жерге берилди

 

Учак кырсыгынан каза болгон экипаждын 3 мүчөсүнүн сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу түркиялык маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, аларды акыркы сапарга узатуу зыйнаты кечээ, 19-январда Стамбулдагы мечиттердин биринде өттү. Андан соң маркумдун жакындары Ибрагим Даранжынын сөөгүн Балыкесирге, Казым Өндүлдүн сөөгүн Коньяга жана Ихсан Кожанын сөөгүн Эскишехирге алып кетишти.

Ал эми төртүнчү экипаж мүчөсү Мелих Асландыкы делген сөөк өлүк сактоочу жайда. Учурда тиешелүү экспертизалар жүрүүдө. Аныкталган соң мекенине жөнөтүлөт.

Айта кетсек, 16-январда Чүй облусундагы Аэрофлот дачалык тилкесине Түркиянын жүк ташуучу учагы кулап түшүп, кырсыктын кесепетинен 34 Кыргыз жараны жана 4 экипаж мүчөсү каза тапкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
20.01.2017. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kudaiym kyrsyktan saktasyn
20.01.2017. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жайлары жаннаттан болсун. Учкучтар оз милдеттерин аткарышкан. Жук кимдики,ким анын артынан пайда корот аларга айырмасы жок. Кырсык экен. Мекендештерибиздин дагы жайлары жаннаттан болсун.жакындарына сабыр берсин
21.01.2017. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коруп журогум ооруп кетти, булар деле атайын кылышкан жок да. Жайы жаннаттан болсун, биздин мекендештерибиздин да омуру кыска экен, болгон ишти озгорто албайсын, кудайым жаннаттан орун беришине тилектешмин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: