super.kg logo

Базар-Коргондо желекти алып түшкөнү мектеп чатырына чыккан окуучу кулап кетти

 

Базар-Коргон районунда 17-январда 10-класстын окуучусу мектептин чатырынан кулап кетти. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Авиакырсыктан жабыркагандарга багышталган аза күтүү күнүндө Жаңы-Акман айылындагы Токтогул атындагы мектептин жетекчилиги чатырда илинип турган желекти алып түшүүнү окуучуга тапшырган. Чатырдын үстүнө чыккан окуучунун буту тайгаланып, кулап кеткен. Ал баш мээси чайкалган абалда ооруканага жеткирилген. Баланын абалы учурда жакшы. Мектептеги окуя боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен окуяга баа берилет. Азырынча экспертизанын жыйынтыгы чыга элек", - деп билдирди басма сөз кызматынын адиси.

Маалыматка ылайык, райондук мамлекеттик администрация, билим берүү бөлүмү жана мектептин ата-энелер комитети чукул жыйын өткөрүшкөн. Жыйында ата-энелер тарабынан директорду кызматынан бошотуу талабы коюлган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
20.01.2017. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Экспертизанын эмне кереги бар?! Окуучуга ал желектин тиешеси жок да мектеп директорду жоопко тартыш кк.
20.01.2017. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не мектепте жркек кызматкер куруп калыппы же короолчу деле жок бекен?
20.01.2017. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Mektep okuuchusuga mukun emesgo
20.01.2017. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сакайып кетсин демекмин
20.01.2017. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кокустук эле болуптур да эми,кароолчу болсо деле жашыраак деп окуучуну чыгармак да үй чатырына!
Атайлап кылбагандан кийин же өз кызыкчылыгына жумшабаса.
Өз уйдө деле тамбашыга чыгабызго.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: