super.kg logo

Кочкордо окуучулар мушташып, бири каза болду

 

Кочкор районунда окуучулар мушташып, бири каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 19-январь күнү саат 21:00 чамасында болгон. Анда жогорку класста окуган окуучулардын ортосунда мушташ чыгып, анын кесепетинен бири каза тапкан. Ошондой эле дагы бир окуучу ооруканага жеткирилген. Учурда окуянын келип чыгуу себептери такталууда.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мушташкан балдар Кочкор айылындагы Капар Кыдыралиев атындагы мектептин окуучулары болушкан. Мушташтын кесепетинен 2000-жылы туулган З. уулу Ж. каза болуп, 2000-жылы туулган Т. уулу А. ооруканага жаткырылган.

"Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов окуучулардын арасында чыккан чырга байланыштуу Кочкор районуна келди. Облус башчы учурда мыйзам чегинде кырсыктын себептерин аныктоо жана тыкыр териштирүү иштерин жүргүзүү боюнча укук коргоо органдарына тапшырма берди", - деп билдирди өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(10)
20.01.2017. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаштар эмне болуп баратат
20.01.2017. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мындай уруштан баштан канчасы отту эх. Талпа болгондо бир жагы качканда бир экоосу калып калса коё бериш керек! Бироосун кармап алып уруп сокгон эркектикге жатпайт. Бала жалко бирок жаткан жери жайлуу болсун.
20.01.2017. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Топурагы торко болсун!
20.01.2017. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jatkan jeri jailuu bolsun
20.01.2017. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
En jamany talpassy jaman baldardyky
20.01.2017. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмне талашып урушуп атышат бу жаш балдар? Каны кызуу маалында, жаш омурлоруно балта чаап жатышат. Уйундо да тушундуруу иштерин жургузуу керек, "менин балам кыйын, баарын урат, эркек" деген ата-энелердин да ой жугуртуусу кыска. Эркектик сапатын башка жерде корсото турган уул тарбиялайлы!!!
20.01.2017. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тообо кылдым,окуучуларга не болгон,олгонго чейин мушташып? Кучтору толуп булчунга батпай жатса аскерге жонотуп жиберсин 5-6кунго
20.01.2017. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ииий жаман болуптур.бу мектептин жанында жашайм бирок бул ждо бул жактан окудум .
gukush00 түзөттү 2017-01-20 15:15:22
20.01.2017. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул күчтөрун олимпиадаларда корсотсо болмок.шакалдар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: