super.kg logo

Базар-Коргон районунда мектептин чатырынан кулаган окуучунун апасы: "Уулум көрбөй жатат, директордун кызматтан кетүүсүн талап кылам"

 
Жабырланган окуучу
Чатырдан кулаган окуучунун апасы Тиллекан Ибраимова
Кырсык болгон Токтогул атындагы мектеп

Базар-Коргон районунда мектеп чатырынан кулап кеткен окуучунун абалы оор болууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда SUPER.KG порталына Базар-Коргон районунун тургуну, кырсыкка кабылган окуучунун апасы Тиллекан Ибраимова билдирди.

"Баламдын абалы оор болууда. Дарыгерлер баланын баш мээси катуу чайкалган деп жатышат. Азыркы учурда балама дары берип уктатып коюшту. Ойгонгон сайын башым деп кыйкырып жатат. Уулум бир көзү такыр көрбөй калганын, экинчиси жакшы көрбөй жатканын айтууда. Мен ооруканага келгенче дарыгерлер бутун гипс менен таңып коюшуптур. Паспортумду, зер буюмдарды күрөөгө коюп 10 миң сом карыз алдым. Каражат таппай баламдын ден соолугу үчүн ар кимден карыз сурап жүрөм", - дейт Ибраимова.

Тиллекан Ибраимова мектеп директоруна кылмыш иши козголуп, баласынын ден соолугу үчүн жооп бериши керектигин айтууда. Анын 3 уул, 1 кызы бар. Чатырдан кулаган Маматкерим уулу Муса кичүү баласы.

"Директордун кызматтан алынышын талап кылам. Баламды чатырга чыгарбашы керек болчу. Абалыбызды сурап ооруканага басып келип койгон жок. Бизди "колунда жок, колунан эмне келмек эле" деп тоготпостук кылып жатат. Ал эми кечээ баламдын класс жетекчиси, 2-3 мугалим каражат чогултуп, 5 миң сом беришти. Бул каражат да баламдын ден соолугун калыбына келтирүү үчүн жетпейт", - деп кошумчалады Ибраимова.

Эске салсак, Жаңы-Акман айылындагы Токтогул атындагы мектептин 10-классынын окуучусу чатырдагы тууну алуу үчүн чыгып, тайгаланып кулап кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(12)
20.01.2017. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жумуштан алып эле тим болбостон куноолуулорго кылмыш ишин козгош керек
20.01.2017. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы болуп кетсин аны баары бир жумуштан алат балам жакшы болуп кетсин деп кудайдан тилениз андан корок
zhykyo түзөттү 2017-01-20 13:23:14
20.01.2017. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аза кунуно карата тууну алдырмак болгонго директор.Эч кимдин куноосу жок бул кырсык, директор баланы сурап барып койсун азыр да кеч эмес.
20.01.2017. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Класс жетекчисин жоопко тартыш керек,буйрук балага директор тарабынан туз берилбесе керек
20.01.2017. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мектептеги кандай гана кырсык болбосун мектептин админстративи жоопкер болот. Мектептен сабагы аяктап чыккандан сон гана ата-эне жооптуу. Ушундай келишим бар эмеспи. А жабырлануучу айыгып кетсин.
20.01.2017. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
албетте жоопко тартылышы керек
20.01.2017. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Окуучу милдеттуу эмес да тууну алганы.Башка адам чыгыш керек дворник же кароол.Кырсык артынан кырсык болуптур да Аллахым шыпаа берсин
20.01.2017. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
тууну окуучулар алганга милдеттуу эмес. мугалимден сырт иштегендер толтурада оздору алыш керек болчу. жоопко тартса татыктуу эле.
20.01.2017. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кырсык каш кабактын ортосуда директору дс сурап барып койсо жакшы болмок
20.01.2017. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чондору түгөнүп ошол кичинекей окуучуну чатырдын башына чыгарганын карасанар. Ал окуучу каза болуп калганда не болмок эле. Эптуу эстуу эле кишилер карап коюшса болмок экен. Мыйзам чегинде жооп беришсин дейм баарын.
20.01.2017. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айгып кетсин
21.01.2017. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кырсык да. Сакайып кетсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: