super.kg logo

Базар-Коргондун акими: "Мектеп чатырына чыккан окуучуну көзөмөлдөбөгөн директор кызматынан бошотулду"

 

Базар-Коргон районундагы Жаңы-Акман айылындагы Токтогул атындагы мектептин директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда SUPER.KG порталына Базар-Коргон районунун акими Таалайбек Долдоев билдирди.

"Кырсык болгондон кийин райондук милиция бөлүмүнүн жетекчилиги, прокуратура, билим берүү бөлүмү менен биргеликте чукул жыйын өткөрдүм. Бул иш боюнча учурда кылмыш иши козголду. Мектептин директору окуучуга тууну алып түш деп буйрук берген эмес. Ал кароолчунун аркасынан кызыгып чыккан. Ошентсе да мектеп директору, кароолчусу жана чарба иштери боюнча кызматкери жоопкерчиликтүү мамиле кылбагандыктан жумуштан бошотулду. Ким күнөөлүү экендиги тергөөнүн жүрүшүндө аныкталат. Ага тиешелүү кызматтар баа беришет", - деди Т.Долдоев.

Эске салсак, 17-январда 10-класстын окуучусу мектептин чатырына илинген тууну алып түшүүгө чыгып, тайгаланып кулап кеткен.

Белгилүү болгондой, буга чейин мектептин чатырынан кулаган окуучунун апасы баласынын баш мээси чайкалганын белгилеп, мектеп директорунун кызматтан кетишин талап кыларын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
20.01.2017. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Вот это дааа.Башкаларга сабак болсун!
20.01.2017. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Согуш деле берип койсо болмок. Директор ар бир баланын артынан карап журо албайт да. Азыркы балдар дагы оной эмес!
20.01.2017. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Азыркы балдар эч нерсеге эби жок интернеттен башканы билишпейт,чатырга да эптеп чыга алышпайт.
20.01.2017. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sabyr86,эң туура)))
20.01.2017. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин окуган мектебим эле, баарына эле директор жооп бере береби?
Директор ким экен азыр?
20.01.2017. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Директордун куноосу бар бирок кечкеле ага жабыша бербей кызматтан алганы жетиштуу! башкаларга да сабак болот
ал эми азыркы жаштар еле аппак бекен
кыскасы куноону бир жака еле кое бербей ар тараптуу караш керек!
20.01.2017. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кучунор оо бир райондун тээ алыскы бир айылындагы директорго кучунор жеттиби? Андан коро жанагы Кыргызстанды бут ааламга уят кылып аткан кыздын атасын б.а.жогорку сотту ,кызына жакшы тарбия бербегени учун жумуштан алгыла!!!
20.01.2017. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulnur1980,Туптуура мен кошулам!
21.01.2017. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал баланы директор колунан жетелеп чыгыптырбы крышага. Каролчунун артынан селфи жасай калайын деп чыкса керекда озу. Ар бир баланын артынан журмок беле дироктордун жумушу андан башкада толтура. Чын эле олукторду мазактаган кызга эскертуу бербей каттуурак жаза колдонбойсунарбы. Прокрордун кызы журот оюна келгенин оттоп. Байкуш биро дирокторду жумуштан алдык деп мактанбай.
21.01.2017. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр ушундай көрүнүштөн кийин ким мугалим болуп иштейт. Аракет кылып аз айлыка чыдап деректор болсо аны бир окуучунун шалакылыгынан жумуштан алып койсо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: