super.kg logo
  Саясат  

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу сүйлөшүүлөрү жыйынтык бербегени айтылды

 

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу сүйлөшүүлөрү жыйынтык бербей жатат. Бул тууралуу 20-январда "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында депутат Каныбек Иманалиев билдирип, тараптар 3 маселе боюнча бир пикирге келе албаганын айтты. Кытай темир жолдун маршрутуна жана энине макул болбой жатат. Долбоорду каржылоо булагы да аныктала элек. Мындан улам Кытай Европага чыгуу үчүн темир жолду башка өлкөлөрдүн аймагынан өткөрүү варианттарын карап жатканы айтылды. Темир жол Казакстан аркылуу өтүшү мүмкүн.

Жакында президент Алмазбек Атамбаев Кытайга иш сапары менен барганда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшөрү жөнүндө сөз болгон.

Аталган долбоордо темир жолдун маршруту жана эни боюнча талаш бар экени белгилүү. Кыргыз тарап жолдун кеңдиги 1 метр 52 сантиметр (КМШ өлкөлөрүнүн поезддери жүрүүгө ылайыкташкан) болорун айтса, Кытай тарап 1 метр 43 сантиметр (Кытай стандартына ылайык) болорун билдирип келген. 2015-жылы мурунку транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов жетектеген делегация Кытайга барып сүйлөшүү жүргүзүп, Кытай тарап 1 метр 52 сантиметр деген сунушка макул болгону айтылган эле. Жолдун маршруту боюнча да так вариант аныктала элек. Долбоорго ылайык, Кытайдан чыккан темир жол Ат-Башы аркылуу Жалал-Абадга келип, андан ары Өзбекстанга өтүшү керектиги айтылып жүрөт. Ошол эле учурда экинчи вариант да сунушталган. Ал схема боюнча жол Эркеч-Тамдан башталып, өлкөнүн түштүк аймагы аркылуу Өзбекстандын Анжиян облусуна келип жетмек. Темир жол курулса Кыргыз тарапка Иранга, деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү түзүлмөк. Депутаттар Кыргыз мамлекети бул мүмкүнчүлүктөн куру каларын билдирип жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: