Ош облусунун 2 тургуну "Хизбут-Тахрир" уюмунан чыгарылды
Ош облусунун Араван районунда "Хизбут-Тахрир" уюмунун мүчөсү болуп саналган 2 жаранга байланыштуу түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Иш-чара 24-апрелде УКМК, Араван райондук администрациясы, укук коргоо органдары, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана облустук казыяттын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү. Ошондой эле аталган диний-экстремисттик уюмга мүчө болгон адамдар өздөрү, алардын жакын туугандары, жаштар да катышты. Түшүндүрүү иштеринен кийин "хизбутчулар" өз каталарын моюнга алышып, уюмдан чыкканын айтышты жана бул уюмга ишенип жүргөндөрдү андан оолак болууга чакырышты. Катышуучулар мындай түшүндүрүү иштерин жаштар арасында көп өткөрүп туруу керектигин баса белгилешкенин УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

