super.kg logo

Алматы шаарындагы кыргыз ишкерлери авиакырсыктан каза болгондордун жакындарына акчалай жардам беришти

 

Казакстандын Алматы шаарында эмгектенген Кыргыз жарандары авиакырсыктан жабыркагандарга жана каза болгондордун жакындарына акчалай жардам беришти. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда SUPER.KG порталына кайрымдуулук акциясынын уюштуруучусу Алдаяр Маматов билдирди.

"Кыргыз элинин башына оор күн түшүп, элибиз чоң жоготууга учурап турса, чет жерде жүргөн кыргыздар жардам колун сунуп, каражат чогултууну туура көрүштү. Бир боор мекендештерибиз үчүн базарда иштеген ар бир кыргыз мүмкүнчүлүгүнө жараша акчалай жардам берди. Бүгүнкү күндө чогулган 230 миң сомду (1 103 000 теңге) жабыркаган ар бир үйгө кирип таратып чыктык", - деп билдирди Маматов.

Маалыматка ылайык, мекендештерге жардам акциясын Алдаяр Маматов, Кубатбек Абдысатаров, Элчоро Анарбаев жана Адилет Турдубаев уюштурган. Каза болгон 34 адамдын жакындарына 6750 сомдон бөлүп беришкен. Мындан сырткары жылуу кийимдерди кошо таратышкан.

Эске салсак, буга чейин алматылык активисттер жардам катары азык-түлүк, кийим-кече, канцелярдык товарларды жана балдар үчүн оюнчуктарды чогултушканы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
20.01.2017. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жараткан раазы болсун!!!
20.01.2017. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аябай толкунданып жатам дуйнону сулуулук эмес боорукерлик жана адамдык жакшы сапат сактап калат десек болчудай
20.01.2017. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудайым ыраазы болсун.Оз колдоруна берип ал акыбалын сурап туптуура иш жасашыптыр.Кантсе да элден айланса болгудай.Мына 3 4 кундун ичинде кыргыз эли кандай ынтымактуу экенин корсото алды.Кудайгаа ыраазычылык билбдирем кыргыз элине чачып турган ырыскысы учун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: