super.kg logo

Кочкор районундагы мектеп окуучусунун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

 

Кочкор районундагы мектеп окуучусунун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда SUPER.KG порталына Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-январь күнү саат 21:55 чамасында Кочкор РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кочкор райондук ооруканасынын "Тез жардам" бөлүмүнүн кызматкери тарабынан маалымат келип түшкөн. Анда Кочкор айылындагы көчөлөрдүн биринен балдар мушташып, бир баланын бычактан жараат алганы айтылган. Окуя болгон жерге Кочкор районунун прокурору, Кочкор РИИБинин жетекчиси жана ыкчам тергөө тобу барышканда, 17 жаштагы 10-класстын окуучусу З. уулу Жнын жансыз денеси табылган. Бул кылмышка шектүү катары 10-класстын окуучусу А.К. кармалган. Анын үйүн кароо учурунда ашкана бычагы жана окуядан кийин чечип койгон кийимдери далил зат катары алынган. Учурда "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Алдын ала маалымат боюнча, 10-класстын 5 окуучусу кылмышка шектүүнүн үйүнө сүйлөшүү үчүн келишип, чырдаша кетишкен. Натыйжада ортодо мушташ чыгып, шектүү үйүнөн көтөрүп чыккан бычагы менен эки баланы сайып салган. Ал эми бычактан жараат алган Т. уулу А. ооруканага жаткырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.01.2017. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окуучу мектепте ченелуу убакытта болот,эрте менен 8:00,тушко чейин13:00, калган убакыт ата эненин колунда..Анан эле МУГАЛИМ КУНООЛУУ...Мугалимдин укугу барбы сабактан кийин эс алышка же жоопкерчиликти туну -куну тартабы окуучулар учун
20.01.2017. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмиби
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: