"Кыргызстандын балдары" аттуу статистикалык жыйнак жарык көрдү
Өлкөдө биринчи жолу "Кыргызстандын балдары" аттуу статистикалык жыйнак жарыкка чыкты. Бул маалыматты Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Китепте өлкөдөгү балдардын социалдык абалынын негизги көрсөткүчтөрү камтылган. Башкача айтканда, алардын ден соолугу, билим алуусу, кылмыштары, ийгиликтери жана башка көрсөткүчтөрү китепте кеңири камтылган. Ошондой эле балдардын эмгеги тууралуу 2007-жылы жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында белгилүү болгон так маалыматтар киргизилди жыйнакка.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

