ЖЫЛНААМА, 21-ЯНВАРЬ: 93 жыл мурун Советтер Союзунун негиздөөчүсү, көрүнүктүү саясий ишмер Владимир Ильич Ленин каза болгон
Мындан 93 жыл мурун, 1924-жылы 21-январда Орусиянын көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмери, Советтер Союзунун жана Коммунисттик партиянын негиздөөчүсү Владимир Ильич Ленин (Ульянов) көз жумган. Ал 1870-жылы 22-апрелде Симбирскиде туулган.1895-жылы Петербургда "Жумушчулар классынын боштондугу үчүн күрөш биримдигин" түзүүгө катышкан. Бул үчүн 1897-жылы кармалып, Енисей губерниясындагы Шушенск айылына 3 жылга сүргүнгө айдалган.
Ал эми 1900-жылы Ленин чет өлкөгө кетип, Георгий Плеханов менен бирдикте "Искра" гезитин чыгарган. 1903-жылы Большевиктер партиясын жетектеп, 1917-жылы Октябрь революциясынын башында туруп Орус падышачылыгын тактан кулатып, бийликке келет.
Владимир Ильич Ленин бир партиялуу систем түзүп, Коммунисттик партиянын жетекчилигинде СССРди түптөгөн. 1918-жылы анын өмүрүнө кол салуу болуп, оор жаракат алган.
21-январга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:29
2025-11-11
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















