super.kg logo
  Саясат  

Баткен. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов улуттар аралык чыр чыккан Ак-Сай айылына барды

 
27-апрелде кыргыз-тажик чыр-чатагы чыккан Баткендин Ак-Сай айылына бүгүн, 28-апрелде ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча орун басары Курсан Асанов барды. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Бегайым Тажибай кызы билдирди. Учурда министрдин орун басары окуянын келип чыгуу себептери менен жеринен таанышууда. Ак-Сайдын топтолгон тургундары өз талаптарынан кайтыша элек, "Талаптар аткарылмайынча таркабайбыз. Маселе толук чечилиши керек" дешүүдө алар. Ал эми сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Тажикстанга кеткен кыргыз делегациясынан азырынча кабар боло элек. Ошондой эле чырдын башталышына себепчи болгон тажиктердин Ворух анклавына жана облустун Лейлек районуна өтүүчү жол дагы деле жабык бойдон. Көк-Таш айылынын ондогон тургундары унааларын туурасынан токтотуп, жарандарды өткөрбөй турушат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: