super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан Кытайдан канаттуулардын этин алып келүүгө тыюу салды

 
Кыргызстанга Кытайдан канаттуулардын этин жана канаттуулардын этинен жасалган азык-түлүктөрдү алып келүүгө тыюу салынды. Экономика министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрмек Жанузаковдун айтымында, мындай чектөө аталган өлкөдө куш тумоосунун жаңы түрүнүн пайда болушуна карата киргизилди. 

 

"Эл аралык эпозоотикалык бюронун башкы директорунун маалыматына ылайык, Шанхай, Пекин жана башка бир катар провинцияларда куш тумоосунун жаңы Н7N9 түрү катталды. Буга байланыштуу КРнын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан Кытайдан канаттуулардын этин алып кирүүгө тыюу салган токтом кабыл алынды. Мунун максаты - аталган инфекциянын өлкөгө жайылып кетүү тобокелчилигинин алдын алуу болуп саналат",- дейт Жанузаков.

 

Белгилүү болгондой, Кытайдан Кыргызстанга ай сайын 10 миң тоннадан ашык канаттуулардын эти алынып келинет. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: