Ала-Бука-Жаңы-Базар-Киров унаа жолуна кар көчкү түштү
Ала-Бука-Жаңы-Базар-Киров унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн эртең менен аталган жолдун 90-91-чакырымдарына көлөмү 1500 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылып калган. №21-Жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер тартылып, жол тазаланууда. Тазалоо иштерине кошумча 1 жүктөгүч жана 1 бульдозер тартылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.