super.kg logo

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин ооруканага жаткырылган айыл башчысынын абалы туруктуу

 

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин ооруканага жаткырылган Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрованын абалы туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда SUPER.KG порталына Баткен облустук ооруканасынын башчысы Нурлан Салиев билдирди.

"Разия Өсөрова кечээ, 22-январда кечинде стресс абалда келип түшкөн. Денесинде бир-эки көк тактар бар. Учурда рентгенге, УЗИге тартып жатабыз. Тынч эс алышы керек болгондуктан, ага эч ким киргизилген жок", - дейт Салиев.

Ошондой эле башкы дарыгер буга чейин чыккан чек ара жаңжалдарында да Өсөрова стресс абалда келип, дарыланып кетип жүргөнүн кошумчалады.

Айта кетсек, 22-январь күнү саат 17:00 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылында Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда жаңжал чыгып, ал таш ыргытышуу менен аяктаган. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында, 1 турак үй жана 4 автоунаа зыянга учураганы айтылат. Бирок алар кайсы өлкөнүн жарандарына тиешелүү экени айтылган жок.

Айрым маалымат каражаттары Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрованын Тажик жарандары тарабынан сабалганын жазып чыгышты. Бул боюнча Ички иштер министрлигине кайрылганыбызда, буларды билдиришти:

"Эки өлкөнүн жарандары топтошкон жерге Разия Өсөрова барып, жаңжалды токтотууга аракет кылган. Ошол маалда бирөө аны түртүп жибериптир. Ал эми анын сабалганы боюнча маалымат жок".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.01.2017. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Такталган жок дебей жетип барып маселени чеччу инсан барбы деги.болгондой;болушу мумкун,болот окшойт деген божомолдор менен дагы канча уруш талаш отот
23.01.2017. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эмне кылып олтурат биздин чондор Баткен областынын жашоочуларына кыйын болдуго эмне себептен чек араны тактап забор тартып салашпайт же коркушабы Эмомали Рахмановдон же карыздары барбы толой албаган билбейсин
Sema87 түзөттү 2017-01-23 18:24:14
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: