Бажы кызматынын кызматкерлери кышкы каникулда эс алган өлкөлөр: Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Кытай

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери кышкы каникулду кайсы чет өлкөлөрдө өткөргөнү белгилүү болду. Бул маалыматты бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда аталган кызматтын төрагасы Азамат Сулайманов билдирди.
Анын айтымында, 31-декабрда Бажы кызматынын 232 кызматкери эмгек өргүүсүндө болгон. "31-декабрда 4 кызматкерибиз чет өлкөдө эс алууда болгон. Январда 9 кызматкер чет өлкөгө чыккан. Алар Кытайга, Орусияга, Казакстанга, Түркияга, Бириккен Араб Эмираттарына барышкан. Ар бир кызматкер чет өлкөгө чыгар алдында каттоо китепчесине кол коюп, өзүн кандай алып жүрүү эрежелери боюнча маалымат алат. Бул маселе боюнча кемчиликтер бар. Ошолордун
моралдык-этикалык жагын карап чыгуу боюнча көрсөтмө жөнөттүк. Ардагерлердин жыйынында тартипти бекемдөө боюнча маселе көтөрүлмөкчү", - деди Сулайманов.
Парламенттик комитеттин мүчөлөрү андан чет өлкөгө чыккан кызматкерлердин аты-жөнүн жарыялоону талап кылышты.
Айта кетсек, өткөн аптада Бажы кызматынын жетекчилери үй-бүлөлөрү менен Жаңы жылды чет өлкөдөн тосуп келгени парламентте сынга кабылган.





1 |