Баткен. Облус прокурору Орто-Боз айылында болуп, кыргыз-тажик жаңжалы боюнча элди сабырдуулукка чакырды
Баткен району, Орто-Боз айылы


Баткен району, Орто-Боз айылы

Баткен району, Орто-Боз айылы

Баткен району, Орто-Боз айылы

Баткен району, Орто-Боз айылы

Баткен району, Орто-Боз айылы

Баткен району, Орто-Боз айылы
Бүгүн, 28-апрелде Баткен облустук прокурору Латип Жумабаев кыргыз-тажик жаңжалынан соң топтолушуп турган Орто-Боз айылынын жашоочулары менен жолугушуп, аларды сабырдуу болууга чакырды. Прокурор алардан 27-апрель күнү тажик жарандары тарабынан кандай мыйзам бузуулар болгондугу тууралуу маалымат алып жана аларды кагаз жүзүндө жазып берүүлөрүн өтүндү. Болуп өткөн окуя боюнча укук коргоо органдары тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп, келтирилген зыяндардын өлчөмү такталып жатканын кошумчалады.
Айта кетсек, кечээги жаңжалда тажик жарандары аталган айылда жашаган Бостон Гыязовдун үйүнүн терезелерин жана шиферлерин талкалашып, короосунда байланып турган жылкысын жетелеп кетишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
2

