super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Ош шаарында Рыспай Абдыкадыров көчөсүндөгү 2 жыл мурун эскилиги жеткен тактайча азыр да алмаша элек

 
Учурдагы абалы
2015-жылы тартылган сүрөт

Ош шаарындагы Рыспай Абдыкадыров атындагы 195-үйдө көчөнүн аты жазылып, кыйшайып илинип турган эски тактайча алмаштырыла элек. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына бүгүн, 23-январда WhatsApp аркылуу билдирди.

"Бир жыл мурун деле ушундай абалда эле. Элдин баарына көрүнө турган жерде, шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан бул үйдө досум жашайт. Барган сайын ушул жазуу көзүмө уруна берет. Жакында эле бул көчөгө ысымы ыйгарылган залкар обончу, ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата аны эскеришти, ошондо деле бул жазууну алмаштырып коюшса болмок. Менин боюм жетсе, аны жок дегенде түздөп коймокмун", - дейт окурман.

Эскерте кетсек, 2015-жылы окурман "Элдик кабар" рубрикасына аталган жол сапатсыз оңдолуп жатканын кабарлаган. Көп өтпөй №21-Жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Абдыганы Турдукулов жолду оңдоо иштерине 19 миллион 900 миң сом жумшалганын айткан.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
23.01.2017. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
о кокуй алмаштыргыла.
23.01.2017. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
олкону кандай экенин ушуга окшогодон билсе болот ошог туруст деген келбейтда э
23.01.2017. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шерменде эле эмне учун конул бурулбайт ошондой нерселерге биздин окмот канча миллион акча кетет болуш керек? сразу эле миллиондон суйлоп башташат паланча миллион сарптадык деп кайда сарпталат кимдин чонтогуно кирип кетет ал 99.9% миллиондор
23.01.2017. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мамлекетти эле карап олтура бербей ар бир уй оздору жасап алса болот да.Кайсыл жерде эле жыргатчы эле окмот...
23.01.2017. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Домком деле карап койсо болот.
23.01.2017. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Качанга чейин окмот окмот дейсинер озубуз деле кичине кыймылдап коелу да е аны алфп коюш кыйын эмес болсо керек
25.01.2017. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oshtuktar ondop
Koigula emi
Men oshto jashaganymda baia ele ondop koiot elem xaxaxaxaxaxa
27.01.2017. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык го...Биз окмотту карап отурганыбыз жок,жашоочулар акча жыйнап подьезге эшик салдык коду менен,,5-этаждан бирге чейин сырдадык стенаны актадык,дежурство туздук,,,бул озубуздун кирип чыкканыбызга жагымдуу корунуш эч кимден жардам сураганыбыз жок 2010-жылдан бери ушундай корунушто жашайбыз кайдагы бир кочонун аты жазылган темиоди алмаштырганга окмотту кутуш керекпи???бир журогу таза инсан жокпу ошол домдо..кичинекей эле акчадыр...окмот сага эмес сен окмотко бир нерсе кылсан окмот осот...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: