Азиз Мурадиллаев оор дартка кабылган учурда колдоо көрсөткөн мекендештерине терең ыраазычылыгын билдирди



Бүгүн, 23-январда маалымат жыйынында актёр Азиз Мурадиллаев оор дартка кабылган учурда колдоо көрсөткөн мекендештерине, кесиптештерине жана өлкө башчыга терең ыраазычылыгын билдирди.
"Операциясыз айыгып кетүүнү каалаган элем. Кыргыз элимдин колдоо-кубаттоосу менен ооруну жеңип жатам. Түркияга учуп кетер алдында болгон трагедияны көрүп абдан капаландык, кайгы тарттык. Менин оорум калың элдин кайгысынын алдында эч нерсе эмес эле. Андыктан дарыгерлер кандай чечим чыгарат деп сарсанаа болгон жокмун. Кудайга шүгүр, азыр баары акырындап жакшы болуп келе жатат. Бул күндөрү кыргыз элимдин колдоосун сезип жаттым. Абдан таасирлендим, кубандым, баарына терең ыраазычылык билдирем", - деди А.Мурадиллаев.
Белгилей кетсек, актёрго операция жасалбай турган болду. Ал эми чогултулган акча каражаты Венера Сатылганова менен Мурат Мамбетовдун уулуна жана бир нече адамдын дарылануусуна жумшалары маалымдалды.






1 |