Дарыгерлер эми кошумча каражатты бөлүү үчүн жогорку органдарга кайрыла алышпайт

Бишкек шаарынын дарыгерлерине кошумча каражат бөлүү суранычы менен президентке, Жогорку Кеңешке, өкмөт мүчөлөрүнө, мэрияга, шаардык депутаттарга, Каржы башкармалыгына кайрылууга буйрук менен тыюу салынды. Буйрукка Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментинин директору Кубанычбек Кулбатыров кол койгон.
Ага ылайык, саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери жогорку органдардан бекитилген бюджетте каралбаган кошумча каражат бөлүүнү түздөн-түз өтүнө алышпайт.
"Бул буйрукту бузгандарга чара көрүлөт, жумуштан алынуусуна чейин жазаланышы мүмкүн", - деп жазылат буйрукта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Кызык...
Же тушкон каражаттан, ондотуш керек бекен больницаларды?