Санкт-Петербургда Кыргыз жараны бычакталып, ооруканага түштү
Санкт-Петербургда Кыргыз жараны бычакталып, ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда орусиялык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, окуя 23-январга караган түнү Санкт-Петербургдагы азык-түлүк саткан дүкөндүн жанында болгон. Анда 22 жаштагы Ч.М. аттуу Кыргыз жаранын белгисиз адам бычак менен сайып, из жашырып кеткен. Ушул тапта жабырлануучу ооруканада. Анын көкүрөгүндө жана ичинде бычактан алган жарааты бар. Азырынча абалы оор бойдон калууда. Ал эми полиция окуянын келип чыгуу себептерин тактап жатат. Ошондой эле кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Озум деле Питердемин эмне болду чын эле Питердегилер коп чыгып калды