Кара-Суу районунда авиакырсыктан жабыркагандар үчүн чогултулуп жаткан акча уурдалды
Кара-Суу районунун Шарк айылындагы Маданият үйүндө авиакырсыктан жабыркагандар үчүн чогултулуп жаткан акча уурдалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда SUPER.KG порталына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
Анын айтымында, 22-январга караган түнү чогулган 30 миң сом жана Маданият үйүндө иштеген сүрөтчүнүн ноутбугу уурдалган. Бул боюнча айыл өкмөттүн кызматкерлери арыз менен милицияга кайрылышкан.
Азыркы учурда уурулукка шектелген жаран изделүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

9:38
2025-07-13

Рейтинг:
0

Журок оорутатко, уурулук менен жерге киргир, уяты жок.
Уялбай уурдаганга кантип конулу барды экен? Адамдар кан какшап отурса.
Ууруну тутуп, Эл алдында алып чыгыш керек, татыктуу жаза бериш керек.
Ошончо акча болсо кантип именно ошол акчаны уурдайт???
Мен ишенген жокмун.
Дым дым болот же бир байкушту уруп жүрүп моюнуна коёт.
Оо кудурети кучтуу Кудай! Бизге ыйман бер кыйынчылыкта сабыр бер! Куноолорубузду кечире кор!!