super.kg logo

Эми коомдук жайларда сөгүнгөн жарандар 5 суткага камакка алынышы мүмкүн. Президент мыйзамга кол койду

 

Президент Алмазбек Атамбаев "Административдик жоопкерчилик жөнүндө" кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамга ылайык, коомдук жайларда сөгүнгөн, жарандарды мазактап, тийишкен, коомдук тартипти бузган адамдар 8 саатка коомдук иштерге тартылып, 1500 сом айып пул төлөөгө милдеттендирилет, же болбосо 5 суткага камакка алынат. Буга чейинки мыйзамда мындай майда бейбаштык кылган адамдарга 300 сом айып пул же 3 суткага камакка алуу чарасы каралган болчу.

Мындан тышкары, кабыл алынган мыйзам боюнча, эми көп батирлүү турак үйлөрдүн короолорунда мас абалында жүргөн жаран 8 саатка коомдук жумуштарга тартылып, ага 1000 сомго чейинки өлчөмүндө айып салынат.

Ошондой эле эгер жашы жете элек балдар коомдук жайларда мас абалында жүрүшсө, психотроптук заттарды колдонушса же спирт ичимдиктерин ичишсе, алардын ата-энелерине 1000-2000 сом айып пул салынат.

Айта кетсек, бул мыйзам долбоорунун демилгечилери - Жогорку Кеңештин депутаттары. Парламент аны 2016-жылдын 14-декабрында кабыл алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(8)
23.01.2017. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сонун мыйзам.депуттартарга кошулам.Эми бул мыйзам иштесе жакшы,соз бойдон кала бербей. Тааныш билишке салат айылдагылар. Ал эми шаардагылар чондордун балдары болуп ошо менен мыйзам ишин бутот. Беспредел кайрадан башталат
23.01.2017. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Охх эми ППСке ишке киргиле ГАИден чыгып анык шабашка башталды!
23.01.2017. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн туура мыйзам, азыркы жаш балдардын кобунун согунгондорун, кыйкырып суйлогондорун коруп тан калам. Озун ошондрй алып элге сур корсотом дейби тушунбойсун. Айтсан жаман коруп кайра озуну мазактайт, корочи пипец полный. Мектептеги тарбиянын, мугалимдерге болгон сыйдын кеткени да бул .
23.01.2017. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
жаргон менен суйлогондор канча жылга камалышат?
23.01.2017. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
баягы эле карапайым элдин шору да байларын анын балдары уруп ойнобой калдыго
23.01.2017. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстанда мындай мыйзамдар карапайым калк учун иштейт чондор байлар таанышы барлар биродун агасынын досунун танышы ак уйдо иштесе аларга мындай мыйзам жок
23.01.2017. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интересно ушул жазылган билдирүүлөрдү чоңдор окуйт болду бекен соц тармактагы
23.01.2017. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тукургон чимкиргендерге да мыйзам чыгарыш керек а то аябай жийкеничтуу корунуш коомдук жайларда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: