Жанар Акаев УКМКнын кызматкерлери дарыгерлерден пара талап кылып жатышканын айтты
Чүй облусунун Таш-Дөбө айылындагы Курортология институтунун дарыгерлеринен УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери пара талап кылып жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 23-январдагы отурумунда депутат Жанар Акаев билдирди.
"Мага бул институттун кызматкерлери кайрылышып, институттун башчысы Махмуд Султанмуратов алардан 200 миң сом пара чогултуп берүүнү тапшырганын айтышты. Султанмуратов бул иш-аракетин "чекисттерге пара бериш керек" деп түшүндүрүптүр. Пара талап кылган Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлерин жана Курортология институтунун башчысын жоопко тартыш керек", - деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-1

