super.kg logo

СУПЕРСТАН: Наристеге ат коюуда маанисине көңүл бурасызбы?

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Уул-кызга энчилеп маанисиз ат коюу" деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Тааныш байке бар, баласы төрөлгөндө чоң атасы Талпак деп ат коюптур. Талпак азыр 4кө чыгып калды".

"Менин атым да түшүнүксүз. Кимиңер билесиңер, Мирлан эмнени билдирет? "Лан" дегени "чолок" дегенди билдирет экен, ал эми "Мирчи"?"

"Кипариза деген эмнени билдирет? Мен биринчи жолу укканда аябай каткыргам".

"Байкуш Талпак чоңойгондо "атымды өзгөртөм" деп чыкса керек. Эски кишилердин көбү ушундай ысымдарды коюшат да, эгер ал ысымды балдары койбойбуз дешсе капа болушат, анан көбү айла жок макул болушат".

"Биздин айылда Итикул деген абышка бар. Итикул эмнени түшүндүрөт, "иттин кулу" дегендиби?"

"Таятамдын иниси көпкө балалуу боло албай жүрөт. Балдары туулуп эле чарчап кала берет. Ошентип жүрүп жубайы уул төрөйт, ага ырымдап үч күн ат койбой, таштандыда эле жүрүп, аман болсун деп Таштанды коёт. Өзү бой-келбети келишкен, акылдуу, сулуу жигит болуп эр жетти. Аман жүрүп 4 уулдуу болду. Чоң энемдин аты Болду эле. Чоң таятабыз уул күтө берип, бешинчиси да кыз төрөлгөндө "ээ, болду, кызы да, уулу да керек эмес" деп капа болуп, тескери бастырып кеткен дешет. Таятам каза болгон түнү агасынын келини төрөп, анын атын "Төлөндү акебиз кайра төрөлдү" деп Төлөсүн коюшкан. Илгери кыргыздар ошол учурда эмне себепчи болсо ошону коюшкан: сапарда жүрсө Сапарбек, таң агарып келе жатканда төрөлсө Чолпонбек, бала күтүп зарыккандар Зарылбек, Зарылкан, балдары токтобой жатса, Токтосун, Токтобай, Токтокан дешкен. Илгери биздин айылда Дүрбөлөң деген киши болор эле. Көрсө,
ай-күнүнө жетип калган келин жолдо келе жатса алдынан трактор чыга калыптыр. Коркуп кеткен келин качып бара жатып төрөп коюптур. Ал кезде айылга жаңыдан трактор келген кез экен".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
23.01.2017. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биздин айылда Жампык деген киши бар жампыгым деп эркелетип журуп ушундай болуп калса керек деп ойлонуп коём Алмабек деген атты укканда кулгом Алмагул десе окшошот кичине
zhykyo түзөттү 2017-01-23 19:22:36
23.01.2017. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен жакында наристелүү болом. Ат издей элекпиз.
23.01.2017. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биз жакында эле уулдуу болдук Даут койдук атын.
Алланын элчисинин аты Даут болгон дейт.
23.01.2017. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жумагул деген классташ кызып паспорт алдарда атын Космира деп озгортуп алган
23.01.2017. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атты кандай койсон ошого жараша адам болот экен...менин балдарым Азирет,,Ариет,,,азирети пайгамбардын ариеттуулугу сактакталсын деп койулган...
24.01.2017. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде Чалмада да ар кандай ат коё беришкен Манта,Чомолок,Бачако,Укудой,Урдой,Иттуйбас,Адико,Стёпа,Жапаш,Доку,Тото,Чимиян жана башка толтура.
24.01.2017. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз уулубуз дун атын Алинур деп койдук
24.01.2017. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулайым нени тушундурот???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: