super.kg logo

Сот Бишкек мэрлигине талапкер болгон Абдылдаевдин арызын четке какты

 

Бүгүн, 23-январда Биринчи Май райондук соту Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер болгон Нурдин Абдылдаевдин Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн жазган арызын четке какты. Судья Жаныбек кызы Венера материалдар менен таанышкан соң, БШКнын чечимин кайтаруу же жокко чыгарууга негиз жок экенин айтты.

Айта кетсек, 11-январда Бишкек мэрин шайлоо өтүп, анда Албек Ибраимов жеңишке жеткен. Ал 29 добуш топтогон. Анын атаандашы Нурдин Абдылдаев 12 добушка ээ болгон. "Баарына каршы" деп 2 депутат добуш берген. 14-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер болгон Нурдин Абдылдаевдин шайлоонун протоколдорун жараксыз деп табуу боюнча арызын карап, четке каккан. Буга байланыштуу "Өнүгүү-Прогресс" партиясы Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.01.2017. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Албетте четке кагатда убара болуп бекер эле сотко беришет акыйкат деген жок биздин соттордо
Кедейлер акыйкатты издеп жүрүшсө байлар акыйкаттан качып жүрүшөт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: