super.kg logo

Авиакырсыктан жабыр тарткандарга турак жайлардын чатырларын оңдоо үчүн 150 даана шифер берилди

 

16-январда болгон авиакырсыктан жабыр тарткандарга турак жайлардын чатырларын оңдоо үчүн 150 даана шифер берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

"Бузулган турак жайларды калыбына келтирүү үчүн курулуш материалдары муктаж болгондорго берилет. Бүгүнкү күндө "Семетей" мейманканасында 13 үй-бүлөдөн 40 адам жайгаштырылган. Алардын 25и чоң адамдар, 15и кичинекей балдар. Мындан сырткары жакындарынын жана туугандарынын үйүнө 35 адам жайгаштырылган. Жабыр тарткандарга керектүү жардам көрсөтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми социалдык тармактардагы куткаруучулар кырсык болгон жерде противогазсыз, бет капчан иштешкени тууралуу маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги төгүндөдү.

"ӨКМнын кызматкерлери издөө-куткаруу иштеринде коргоочу жабдыктар менен иштешти. Ошондой эле Жарандык коргонуу кызматы дагы кошумча жабдыктар менен камсыздаган. Кырсык болгон жерде медициналык жардам алуу үчүн кайрылуулар болгон эмес. Бул коопсуздук эрежелери сакталгандыгынан кабар берет", - деп жазылган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
24.01.2017. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
150 шифер бир еле уйго жетет мактангандарычы дагы
24.01.2017. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Андан да шиферди эч ким колдонбойт го. Ага канча миллион кетти болду экен э.
24.01.2017. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ар бир бузулган уйго 150 ден шифер берген болобу ошондо,бул
жерде бир уйго кана жазылгандай го ??
24.01.2017. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окмот уят эле озунор баш болуп жеп атасынар
24.01.2017. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Окмот уялсанар боло,эбегейсиз чоон апаат кырсык болсо,анан бергенинер 150 шифер.Аны мен деле берип коём чын чынына келгенде бир уй булоого.Канчалаган акча жардамга деп чогулуп жатат,ошол 20 млн ашык акчадан ар бир уй булоого жапа чегишине карап болуп бергиле тизме менен.Кээ биринин эч кимиси калбады алардын жакын туугандарын таап бергиле да.Соска эмизесинер элге 150 шифер бердик деп.Ошондо не ар бир жапа чеккен уй булолорго 3 данаадан эле шифер тийген болот да ээ.Уят уят жана да уят...
24.01.2017. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
шифер бергенден коро ошол жайда жашагандарды башка Жака кочурсо жакшы болмок беле деймда
25.01.2017. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр шифер м.н эч ким жаппайтго крышаны металлочерепица колдонуп калышкан баары.Ал м.н сарайдын устун эле жаппаса. Новостройкаларды карпгылачы баары цветной бир крыша жок шифер м.н жабылган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: