super.kg logo
  Саясат  

Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы сүйлөшүү жолу менен басылды

 
Ворух анклавынын кире бериши
Көк-Таш айылынын жашоочулары 2 күн бою жол тосуп турушту
Көк-Таш айылынын жашоочулары 2 күн бою жол тосуп турушту
Орто-Боз айылындагы жол тосуу
Орто-Боз айылындагы жол тосуу
Орто-Боз айылындагы жол тосуу
Тажиктер Баткен шаарынан келе жаткан кыргыз айдоочусунун унаасын ташбараңга алышкан
Ворух анклавынын Кыргызстандын картасынан көрүнүшү (багыттагыч көрсөтүп турган аймак)

Белгилүү болгондой, 27-апрелде Баткен облусунун Ак-Сай айылында кыргыздар менен тажиктердин ортосунда жаңжал чыкты. Ак-Сай - Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочулары жолчуларга кол көтөрүүдөн улам чыр башталган. Алар "жол тактала элек аймакка курулуп жатат" деп чыгышкан. Ал эми кыргыздар унаа жолу чек арадан 500 метр Кыргызстан тарапта курулуп жатканын билдиришүүдө. Окуяда мушташ орун алып, эки тараптан тең жабыркагандар болду. Айта кетсек, баткендик 8 жаран жабыркап, алардын үчөө оор жаракат алгандыгы айтылды. Ошондой эле айрым жергиликтүү тургундардын унаасы, үй-мүлкү талкаланды.  

 

Жаңжал чыккандан соң 2 күн бою Баткендин Көк-Таш, Орто-Боз жана Ак-Сай айылдары аркылуу Ворух анклавына жана Лейлек районуна өткөн жол жергиликтүү жашоочулар тарабынан жабылып турду. "Маселе чечилмейин кетпейбиз" деп турушту ызаланган жашоочулар. Маселени чечүүнү жергиликтүү бийлик колго алып, облус жетекчиси Жеңиш Разаков башында турган топ Тажикстандын Согдий облусунун жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүзүп, бир пикирге келишти. Учурда тосулган жолдор толугу менен ачылып, жол кыймылы калыбына келди. Окуянын келип чыгуу себептерин иликтөө иштери улантылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: