super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 24-ЯНВАРЬ: 14 жыл мурун белгилүү жазуучу жана коомдук ишмер Камбаралы Бобулов дүйнөдөн кайткан

 

Мындан 14 жыл мурун, 2003-жылы 24-январда узакка созулган оорудан улам белгилүү кыргыз адабиятчысы, акын жана жазуучу, Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери Камбаралы Бобулов дүйнөдөн кайткан.

Ал 1936-жылы 15-майда Ноокат районундагы Өсөр айылында туулган. Кыргыз окурмандарына таасын сынчы, таланттуу адабиятчы, мыкты прозачы, акын катары белгилүү болгон. Анын айтылуу "Түштүк кызы" повести, кыргыз поэзиясында чоң сөзгө арзыган "Махабат аралы" ыр жыйнагы, кыргыз адабиятынын теориялык-тарыхый маселелерин иликтеген эмгектери кыргыз окурмандарынын гана эмес, чет элдик илимпоздордун да мактоосуна арзыган.

Камбаралы Бобулов илимий-чыгармачылык иши менен катар бир топ коомдук жооптуу кызматтарды аркалаган. Ал "Правда" гезитинин Кыргыз мамлекети боюнча кабарчысы, "Кыргызстан пионери" гезитинин башкы редактору, автордук укук комитетинин башчысы, "Эне тил" коомунун президенти болуп иштеген. Ошондой эле Кыргыз Республикасы эгемендигине жетишкен чакта парламент депутаты жана публицист катары бир катар мамлекеттик маселелерди, анын ичинде мамлекеттик тил көйгөйлөрүн ырааттуу түрдө көтөргөнү үчүн өзгөчө айырмаланган.

24-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.01.2017. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туштук кызын аябай таасирленип окудум эле. Жаткан жери жайлуу болсун агайдын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: