super.kg logo

МААК: "Боинг 747 учагынын "кара кутуларындагы" маалымат көчүрүлүп бүттү"

 

Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин билдирүүсү боюнча, 16-январда Сокулук районунда болгон авиакырсыкты иликтөөчү комиссия жеринде иш алып барып жатат. Азыркы тапта учак кулаган жер изилденип, кырсыктын схемасы түзүлүп, учактын калдыктарын чогултуу иштери аяктап жатканы белгилүү болду.

"Комиссиянын адистери Кыргыз Республикасынын, АКШнын Транспорттогу коопсуздук боюнча улуттук комитетинин жана Түркиянын Кырсыктарды изилдөөчү комитетинин өкүлдөрү менен биргеликте "кара кутудагы" маалыматтарды, экипаж менен диспетчерлердин сүйлөшүүлөрүн, метеорологиялык маалыматтарды анализдеп жатышат", - деп айтылат комитеттин маалыматында.

Ошондой эле Мамлекеттер аралык авиациялык комитетинин лабораториясынын адистери Кыргыз Республикасынын, Түркиянын, АКШнын адистери менен "кара кутудагы" маалыматты көчүрүп бүтүшкөнү маалымдалды.

"Учак кулаганга чейинки жазылган маалыматтардын баары көчүрүлдү. Анын сапаты жакшы. Адистер тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлө баштады", - деп кошумчалаган комитет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
24.01.2017. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне болуптyр?
24.01.2017. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Биздикилерге айтбайт да тоготуп да койбосо керек,жанына барса бар ары ойно деп кубалап.
24.01.2017. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Көчүрүп бүттүбү же өчүрүп бүттүбү?
24.01.2017. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан?
24.01.2017. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aseras, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
24.01.2017. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не болгонун айтпайбы
24.01.2017. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
tulpar90 Чын эле очуруп бутсо керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: