Белгилүү акын Эгемберди Эрматов дүйнө салды
Белгилүү акын, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Эгемберди Эрматов дүйнө салды. Маалыматты SUPER.KG порталына Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан тастыкташты. Ал узакка созулган оорудан улам 23-январда көз жумду.
Эгемберди Эрматов 2010-2013-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты, 2013-жылдын апрель айынан 2016-жылдын ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп иштеген.
Акын 2012-жылы "Супер-Инфо" гезитине маек куруп, өмүр жолу, чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу айтып берген эле. Эрматов 2003-жылы "Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер", 2010-жылы "Кыргыз Эл акыны" наамдарын алган. Анын “Гүлдөй жан”, “Дасторкон”, “Биздин жолдор эки айрылыш”, ”Махабат жөнүндө баллада” жана башка ырларына обон чыгарылып, эл арасында ырдалып жүрөт.
Эрматов 1951-жылы Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Пум айылында туулган. 3 уул, 1 кыздын атасы. Маркумдун сөөгү 25-январда туулган айылында жерге берилет.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Эгемберди Эрматовдун көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Кыргыз Эл акыны Эгемберди Эрматов дүйнө салды

Эскертүү! Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек! Билдирүүңүз өчүрүлдү.