ӨКМ: "Кыйраган учактын күйүүчү майы эрежелерге ылайык төгүлгөн"

Кечээ, 23-январда Бишкек шаардык медициналык балдар клиникалык ооруканасына Сокулукта кыйраган учактын күйүүчү майына ууланды делип 5 адам түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жарандык коргонуу кызматтары жер кыртьшынын, суунун, абанын үлгүлөрүн анализге алышканын бүгүн, 24-январда кабарлады.
"Кырсык болгон маалда авиакеросиндин негизги бөлүгү күйүп кеткен. Ал эми канаттарынын калдыктарында калган 100 литрдей керосин эрежелерге ылайык төгүлгөн. Андан башка күйүүчү май учак кыйраган жерде калган эмес. Анализдер бүткөн соң жыйынтыгы кабарланат", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги жогоруда айтылган 5 балага азыр да диагноз коюла электигин кошумчалаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.