super.kg logo

"Манас" кинотеатры: "Ката жазылган афишалар алмаштырылды"

 

Бүгүн, 24-январда Бишкек шаарындагы "Манас" кинотеатрындагы тасмалардын аталышы ката жазылган афишалар алмаштырылды. Бул тууралуу аталган кинотеатрдын маркетологу Максат Байышов SUPER.KG порталына билдирди.

"Афишалардагы каталарды басмакана моюнуна алды. Тасмалардын аталыштарын Мамлекеттик тил комиссиясы туура кылып которуп берген, ал эми басмакана ката басып чыгарган. Бүгүн афишалардагы катаны оңдоп, алмаштырып илдик", - деди ал.

Ошондой эле ката кетирген басмакана шаардын бардык кинотеатрларындагы афишаларды чыгарганы маалым болду.

"Типография шаар боюнча чыгарган афишалардын баарын оңдоп чыкмай болду", - деди Байышов.

Эскерте кетсек, кечээ, 23-январда "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман "Манас" кинотеатрында илинип турган афишаларда эки тасманын аталышы туура эмес жазылганын WhatsApp аркылуу билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
24.01.2017. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
катасын коруп туруп кантип уялбай илди ошону.ошол замат кайтарып бербейби типографияга.
25.01.2017. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайран гана ысырапкерчилик,компьютерден жакшылап карап анан чыгарбайбы десен .поэма жазса да бир жон арасында ката кетип калышы мумкун жанылыш басылып.4создон турган нерсени баамдабаса бул баннерге чыгарган жарнакчылар сабатсыздыктын эн томонку даражасындагы адамдар го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: