super.kg logo

Боинг кырсыгынан жабыр тарткан 24 адам ооруканаларда дарыланууда

 

Бүгүнкү күндө Боинг 747 учагынын кыйрашынан улам жабыр тарткан 24 адам ооруканаларда дарыланып жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 24-январда билдирди.

Кырсык болгон күнү, 16-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин Улуттук госпиталына 3, Бишкек илимий изилдөө травматология жана ортопедия борборуна 5, Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына 14, Республикалык психикалык ден соолук борборуна 2 адам жаткырылган.

Республикалык психикалык ден соолук борборунун психосоматика бөлүмүнө 23-январда саат 17:00дө Курулуш башкармалыгынын дачалары айылынын 1976-жылкы тургуну Мирлан Токоев "стресске болгон курч реакция" диагнозу менен жаткырылган. 1972-жылкы Муратбек Ормошев да 23-январда саат 16:40та ушундай эле диагноз менен жаткырылган. Маалыматка ылайык, алардын азыркы абалы канааттандырарлык жана бардык дары-дармектер менен камсыз болушкан.

23-январда саат 13:35те Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын шашылыш хирургия бөлүмүнө 5 бала алдын ала коюлган "авиациялык керосинге уулануу" диагнозу менен жаткырылышкан.

Бишкек илимий-изилдөө травматология жана ортопедия борборуна ошол эле күнү саат 15:35те 18 жаштагы Айсулуу Жумабай кызы, 7 жаштагы Жазырбек Таабалдиев да жогорудагыдай диагноз менен түшүшкөн. Жазырбек Таабалдиев ооруканага жатуудан баш тарткан.

"Учурда медициналык кызматкерлер тарабынан тиешелүү дарылоо жүргүзүлүп, диагнозду аныктоо аракеттери көрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: