Кара-Көл шаарында калың кардан үйлөрдүн чатыры урады
Бүгүн, 24-январда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында кардын көп жааганынан турак үйлөрдүн чатыры урады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Акынай атындагы көчөдө 1 турак жайдын 120 чарчы метр чатыры жана Маматов көчөсүндө 1 турак жайдын 40 чарчы метр чатыры карды көтөрө албай сынып, устундары урап, жараксыз абалга келген. Үйдүн чатырынын урашынан адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес", - деп билдирди министрлик.
Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде иш алып барып жатканы белгилүү болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Адам жабыркабаганы жакшы экен. чатырды оңдоп койсо болот.....
Эх