super.kg logo

Сузак районунда жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болду

 

Сузак районунда жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 24-январдан 25-январга караган түнү Боз-Чычкан айылынан өтүүчү Бишкек-Ош унаа жолунда болгон. Анда Газель үлгүсүндөгү унаа менен Матиз үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам каза болгон. Аны "Тез жардам" кызматкерлери Жалал-Абад облустук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына алып кетишкен.

Ал эми жергиликтүү тургундар окуяны башкача өңүттө айтып беришти. Алардын маалыматына караганда, каза болгон жаран Орусиядан келе жаткан. Унаасы тайгак жолдон чыга албай жатканда артынан түрткөн. Ошол учурда аны Газель үлгүсүндөгү унаа сүзүп алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: