Өткөн суткада республика боюнча 11 өрт кырсыгы катталып, Кара-Суу районунун тургуну денесинен күйүк алды
Өткөн суткада өлкө боюнча 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 1, Ош облусунда 7, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Кара-Суу районунда 57 жаштагы тургундун үйүнөн өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен үй ээси денесинен 2-3-даражадагы күйүк алып, Ош шаардык ооруканасына жеткирилген.
Өрттүн келип чыгуу себеби аныкталды. Үй ээси мас абалында тамеки тартып, күлүн өчүрбөй уктап калган. Натыйжада төшөнчүлөрү күйүп, кырсыктын келип чыгышына себеп болгон. Өрттү анын кошуналары өчүрүшкөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.