super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 25-ЯНВАРЬ: 70 жыл мурун америкалык мафиянын "атасы", белгилүү гангстер Аль Капоне көз жумган

 

Мындан 70 жыл мурун, 1947-жылы 25-январда америкалык мафиянын "атасы", белгилүү гангстер Аль Капоне 48 жашында көз жумган. "Чикагонун кожоюну" атка конгон колго түшкүс америкалык гангстер 1947-жылы 21-январда инсультка кабылган. Андан тез эле өзүнө келип, бирок 24-январь күнү ага пневмония диагнозу коюлган. Бир күндөн кийин Аль Капоненин жүрөгү токтоп, каза болгон.

Легендарлуу бандиттин жашоосу тууралуу бир нече тасма тартылган. Алардын катарында "Капоне" (1975), "Кол тийбестер" (1987), "Диллинжер жана Капоне" (1995), "Аль Капоненин жигиттери" (2002) жана башкалар бар.

Капоне 1899-жылы 17-январда Италиянын Неаполь шаарында жарык дүйнөгө келген. Кийинчерээк анын үй-бүлөсү АКШга көчүп барган. 6-классында банданын толук кандуу мүчөсү болуп, өзүнүн районундагы көчөлөргө ээлик кылып, кайтара баштаган. 16 жашында мектепти таштап, дарыканаларда, боулинг-клубда иштеп, өзүн ар тараптан өнүктүргөн. Бош убактысында куралдар менен машыгып, бычак менен күрөшүү өнөрүн өздөштүргөн. 1931-жылы 16-июнда өзү, байкеси жана башка 68 гангстер соттолуп, 5 жыл абакта отурган.

А.Капоне уюшкан кылмыштуу топтун көрүнүктүү өкүлү болуу менен катар жумушсуз жарандар үчүн акысыз ашканалар тармагын ачып, кайрымдуулук менен дагы алектенген. Ал "рэкет" деген түшүнүктү калыптандырган. 1929-жылдын 12-майында Атлантик-Сити шаарындагы "Президент" мейманканасында мафия "боссторунун" жалпы улуттук жыйыны болгон. Аны Аль Капоне уюштурган. Негизги максаты жөнү жок кан төгүү­нү жоюп, ынтымакка келүү, бир уюмга биригип, бардык маселени чогуу чечүүгө жетишүү болгон.

25-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: