super.kg logo

Нарындагы бир топ жетекчилерге сөгүш, эскертүү берилди

 

Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 24-январда Нарын облустук администрациясынын коллегиялык жыйынына катышты. Өкмөт мүчөсү тийиштүү тапшырмаларды аткарбаганы үчүн бир катар жетекчилерди сынга алды.

Салыктарды жетиштүү жыйнабай, электр энергиясына болгон карыздардын көбөйүшүнө жол бергендиги үчүн деп Ат-Башы районунун акимине, салык карыздарын азайтуу ишин жетиштүү аткарбаганы үчүн Нарын районунун акиминин биринчи орун басарына жана Ак-Талаа районунун акимине эскертүү берилди. Ал эми Нарын шаарында элге көмүрдүн корун (запасын) жетиштүү кармоого убагында чара көрбөгөндүгү үчүн Нарын шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Сурановго сөгүш берилди.

Эскерте кетсек, январдын башында Нарын шаарында көмүр калбай эл кыйналып жатканы айтылып, Жогорку Кеңеш бул боюнча Нарын облусунун башчысы Аманбай Кайыповду парламентке чакырып, маалымат уккан. Облус жетекчиси шаарда 2-3 күн көмүр тартыштыгы болгонун, бирок такыр көмүр калбай калды деген маалымат жалган экенин айткан эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.01.2017. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
анан, болдубу ошо менен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: