"Манас" эпосу венгер тилине которулууда

Венгриянын Будапешт шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы институт ачылат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Тышкы иштер министри Жолт Немет Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушуу учурунда билдирди. Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлери 27-апрель күнү Монголияда өткөн эл аралык конференциянын алкагында жолугушту. Анда министрлер эки өлкө ортосундагы парламенттик кызматташууну бекемдөө маселелерин да талкуулашты. Ошондой эле Жолт Немет “Манас” эпосу венгер тилине которулуп жатканын жана бул иш аягына чыгып калганын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

