super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министрлиги авиакырсык болгон аймактагы абада зыяндуу заттар табылбаганын билдирди

 

Авиакырсык болгон Курулуш башкармалыгынын дачаларынан 23-январда 5 бала авиакеросинге ууланды делип Бишкектеги Медициналык тез жардам клиникалык балдар ооруканасына жаткырылышкан. Ал эми кечээ жергиликтүү тургундар уулангандардын саны көп экенин SUPER.KG порталына билдиришкен.

Ысык-Ата районунун Оорулардын алдын алуу борборунун жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл тарабынан лабораториялык жабдуулар менен санитардык-гигиеналык иликтөөлөр жүргүзүлгөнүн бүгүн, 25-январда Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

"Авиакырсык болгондо керосиндин төгүлгөн аймагы аныкталды. Керосин 25 үй жайгашкан Линейная көчөсүнө төгүлгөн. Жер кыртышын анализге берүү үчүн 6 жерден үлгү алынган. Алар Оорулардын алдын алуу департаментине жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө лабораториялык изилдөө үчүн жиберилди", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары абадагы метан, көмүртек кычкылы, күкүрт водородунун пайыздык катышын аныктоо максатында атайын адис чакыртылган. Газды анализдөөчү "драйгер" аспабы 7 жерде колдонулуп, жогоруда жазылган заттар жок экени аныкталганын маалымдайт министрлик.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.01.2017. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абада зыяндуу заттар бар десенер эле АтасыБайдан балееге каласынарда
25.01.2017. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зыян табылсада силер айтпайсынар аны баары 200% билет. Силердин диагнозунар абдан жакшы,1-си Батукаев
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: