super.kg logo

Кыйраган учактан төгүлгөн авиакеросинге ууланды делген тургундардын диагнозун токсиколог төгүндөдү

 

23-январда алдын ала коюлган "авиакеросинге уулануу" диагнозу менен Бишкектин ооруканаларына түшкөн бейтаптар токсиколог тарабынан каралып, керосинге ууланбаганы аныкталганын бүгүн, 25-январда Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

1. Курулуш башкармалыгы дачалары айылынын Линейная көчөсүндөгү 378-үйдөн 1990-жылкы Нуржамал Жумабай кызы Бишкек илимий-изилдөө травматология жана ортопедия борборуна жаткырылган.

Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына:
2. Айсулуу Жумабай кызы, 1998-жылы туулган.
3. Мадина Ысак кызы, 2002-жылы туулган.
4. Жанат Шералиева, 2011-жылы туулган.
5. Адеми Жунусбекова, 2016-жылы туулган.
6. Айдана Кубанычбек кызы, 2001-жылы туулган.
7. Кадырбек Табылдиев, 2011-жылы туулган (келип-кетип дарыланат).

Чүй облустук ооруканасынын балдар бөлүмүнө Линейная көчөсүнүн 394-үйүнөн 3 бала жаткырылган:
8. Н.Асанканов, 2012-жылкы.
9. Н.Асанканов, 2009-жылкы.
10. Света Тойбаева, 1978-жылкы (балдардын апасы).

417-үйдөн:
11. Айдана Советбек кызы, 2001-жылкы.

375-үйдөн:
12. Илим Бактыбек уулу, 2003-жылкы.

"Жогорудагы бейтаптар жүрөк айланууга даттанышкан. Бишкек илимий-изилдөө травматология жана ортопедия борборунун токсикологу Улан Исманов Чүй облустук ооруканасына жаткырылгандарды көрүп, авиакеросин менен ууланышпаганын аныктаган. Алардын абалы канааттандырарлык", - деп жазылат маалыматта.

Учурда алар курч мүнөздүү респиартордук вирустан дарыланып жатышканы маалым болду.

"Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына түшкөн бейтаптар жана Нуржамал Жумабай кызы бир үйдө болушкан. Алар үйдү отун жана көмүр жагып жылытышкан. Эртең менен туруп медициналык жардамга келишкен. Алар көмүртек кычкылына ууланышкан", - деп кошумчалашат министрликтен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
25.01.2017. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бут эле жаш балдарго.
25.01.2017. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бир нерсе ондуруп алалы деп экеленип жатып алыштыда.
сттер деле журбойюжурбойбу ууланбай этпей эле
25.01.2017. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жардам алып жаткандарды корyп сyктанып, козунop куйуп жатабы?
25.01.2017. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бизин медиктер туура диагноз койушат. Ишенбесенер Батукаевтен сурагыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: