super.kg logo

Бишкекте дарыгерлер авиакырсыктан стресске кабылган тургунду 8 саат бою күттүрүп кабыл алышты

 
Гүлбарчын Жумабекова, жергиликтүү тургун

Бишкек шаарындагы психоневрологиялык оорукана Курулуш башкармалыгынын дачалары айылынын жашоочусун 8 саат бою күттүрүп кабыл алганын бүгүн, 25-январда тургундун жубайы Гүлбарчын Жумабекова SUPER.KG порталына билдирди.

"Таңга маал учак кырсыгы орун алганда учактын сыныктары биздин үйдөн бир аз гана аралыкта кулап түштү. Катуу жарылуу болуп, жер титиреп кеткенде кызым коркуп оозунун ичине учук чыгып, анысы тамагына чейин жетип ооруканага жатты. Кырсыкта биринчилерден болуп жолдошум каза тапкандарды алып чыгууга катышкан. Буга чейин ал мындай окуяга күбө болгон эмес да, мындан улам бир канча адамды алып чыккандан кийин катуу стресске кабылып, колдору титиреп калган", - деди Жумабекова.

Гүлбарчын Жумабекованын маалыматына ылайык, борбор калаадагы психоневрологиялык оорукана 23-январь күнү эртең мененки саат 09:00дө барган бейтап Мирлан Токоевди кечки 17:00дө кабыл алган.

"Жолдошумду жардамга келген психолог кыздар оорукананын жетекчилиги менен сүйлөшүп жатып жаткырышты. Анда да "силер, мүмкүн, мародёрсуңар" деп ишенишпей, оорукананын чыгымдарын алгач төлөтүп, анан жаткырышты. Ага чейин дарыгер түштөнүүгө кетип баратканын айтып, бейтапты күттүрүп койду. Оорукананын чыгымдарын Биринчи балдар хосписи төлөдү", - деп кошумчалады Жумабекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.01.2017. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кана эми жанагы куну намаз окуганы кеткен врачты жемелегендер мына минтип оорулууларды куттуруп тамактанганы кетип жатышат кандай чара корулот экен ушул врачка жогору жактан
26.01.2017. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ээ Аллах пендеге кун тушпосун. муктаж болуп турганда жардамынарды аябагылачы. мусулман калкпыз сооп ишти коп кылганга уйронолучу. ушул эмнеси эми туштонгону кеткен имиш. бири бирибизден аянбайлычы. Аллах баарыбызга бироо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: