Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Монголияда бир катар өлкөлөрдүн министрлери менен жолугушуу өткөрдү
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жана Словакиянын Тышкы иштер министри Мирослав Лайчак


Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жана Словакиянын Тышкы иштер министри Мирослав Лайчак

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жана Норвегиянын Тышкы иштер министри Эспен Барт Эйде
27-апрелде Монголияда өткөн эл аралык конференцияда Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Норвегиянын Тышкы иштер министри Эспен Барт Эйде менен жолугушту. Анда министрлер соода-экономикалык чөйрөдө кыргыз-норвегия кызматташтыгын активдештирүү маанилүү экендигин белгилешти. Ошондой эле Абдылдаев Словакиянын Тышкы иштер министри Мирослав Лайчак менен да жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүү учурунда тараптар өлкөлөр ортосунда укуктук-келишимдик базаны бекемдөө маселелерине басым жасашты. Өз учурунда Лайчак Эрлан Абдылдаевди атайын иш сапары менен Словакия мамлекетине келип кетүүгө чакырып, чарбалык, банк системи, мамлекеттик башкаруу жана башка чөйрөлөрдө тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

