super.kg logo

Өткөн жылы Ош шаарына 6 миллиард 200 миллион сомдук тышкы жана ички инвестициялар тартылган

 

2016-жылы Ош шаарына 6 миллиард 200 миллион сомдук тышкы жана ички инвестициялар тартылган. Бул тууралуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров мэриянын коллегиялык жыйынында билдирди.

"Өнүгүү программасынын алкагында шаарда тышкы жана ички инвестицияларды тартуу менен көптөгөн жумуштар аткарылып жатат. Алдын ала маалыматтарга таянсак, жалпы Ош шаары боюнча 2016-жылы 6 миллиард 200 миллион сомдук тышкы жана ички инвестициялар тартылып, кошумча 982 жумуш оруну түзүлгөн", - деген З.Аскаров.

Анын маалыматына ылайык, таза суу менен камсыз кылуу маселеси чечилип жатат. Бул багытка Азия өнүгүү банкы тарабынан 11 миллион 890 миң доллар, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан 8 миллион 450 миң евро каражаты жумшалган. Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районуна 25 миллион долларга 150 койкалуу жаңы типтеги оорукананын курулушу Кытай Эл Республикасы тарабынан жүргүзүлүп жатканы маалым болду.

"Кытайлык өнөктөштөр менен биргеликте арматура чыгарган “Хунда” (азыркы учурда убактылуу иштебей жатат), цементке кап чыгарган “Ош-Полипласт”, жаш балдарга бут кийим чыгарган "Фай-фай-ли" жана “Шанхай сити” аттуу мейманкана ачылган", - деп билдирди биринчи вице-мэр.

Ош шаарында 2016-жылы, статистикалык маалыматтар боюнча, 877 жаңы ишкана ачылган. Анын ичинен өнөр жай тармагында 91, курулушта 104, 22 ресторан жана мейманканалар, ал эми тейлөө тармагында 65 ишкана иш алып барып жатканы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.01.2017. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечиресиздер мени бирок азыркы мэри Мелис Мырзакматовдай иш алып барбайтат. Мелис акебиз иштеп журуп кеткенден кийин Ош кандай болсо азыр деле ошондой эч качан озгоруш жок. Ош шаарын Ош кылган ошол Мелис акебизге чоон рахмат айткым келет. Канчалаган мэр келди буга чейин бироосу да мындай Ош шаарын кооздогон жок. Кайтып Мелис акебизди койсо мэр кылып жакшы болор беле деп ойлоймун да туугандар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: