super.kg logo

Авиакырсык болгон жерде анын кесепеттерин жоюу жана авиакеросин төгүлгөн жерди тазалоо иштери жүрүүдө

 

Кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, Экологиялык жана техникалык инспекциянын өкүлдөрү иш алып барышууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда кырсык болгон жерде анын кесепеттерин жоюу иштери, тактап айтканда, авиакеросин төгүлгөн жерде тазалоо иштери жүрүп жатканы маалымдалат. Тазалоо иштеринде алгач үстүнкү кыртыш алынып, андан соң жытты кетирүүчү атайын суюктук менен тазаланат.

"Бүгүнкү күндө учак калдыктары толугу менен чыгарылган, учурда таштандыларды тазалоо жүрүүдө, мындан соң керосиндин жытын тазалоо иштери жүргүзүлөт", - дейт министр Кубатбек Боронов.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовдун айтымында, учак кыйраган учурда абанын курамы жана топурак кыртышы анализ үчүн алынган.

Адистердин айтымында, абанын курамы концентрациянын жол берилген чегинен ашпоосу кажет, буга катар күн сайын анын курамы тууралуу маалымат берилип турат. Бүгүн аба курамынын жыйынтыгы даяр болот.

Саламаттык сактоо министрлигинде маалымдагандай, Курулуш башкармалыгынын дачалары айылында жабыркаган, ооруканага келип түшкөн тургундардын, анын ичинде беш баланын керосин жытынан уулангандыгы тууралуу диагнозу такталган эмес. Аталган бейтаптар боюнча аныкталгандай, стационарга келип түшкөн түнү алардын баары отун жана көмүр менен жылыткан меш жагылган үйдө болушкан. Тургундар 23-январда саат 13:00дө медициналык жардам сурап кайрылышкан. Мындан улам №3-шаардык балдар клиникалык ооруканасындагы оорулууларга көмүр кычкыл газы менен уулангандыгы тууралуу диагноз коюлган.

Мындан тышкары Чүй облустук бириккен ооруканасына алынып келинген бейтаптарды кароодо алар авиакеросин жытынан уулангандыгы аныкталган эмес.

"Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, медициналык мекемеге түшкөн бейтаптар канааттандырарлык абалда, арыздануулар түшкөн эмес, авиакеросин менен уулангандыгы боюнча клиникалык белгилер байкалаган эмес", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: