Мексикадагы пиротехника саткан базардагы жарылуудан улам каза тапкандардын саны 42ге жетти

Мексикадагы пиротехника саткан базардагы жарылуудан улам каза тапкандардын саны 42ге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 25-январда кырсыктан жабыркап, ооруканада жаткан 70 жаштагы аял каза болду.
Эске салсак, 2016-жылдын 20-декабрында Мексикадагы Тультепек шаарында пиротехника саткан "Сан-Паблито" базарында жарылуу болуп, натыйжада ири өрт чыккан. Жарылуу болгон учурда базарда 2 миңге жакын адам жүргөн. Кырсыктын кесепетинен 72 адам ар кандай деңгээлдеги жарааттарды алып, ошол жерден 20 адам каза болгон. Калгандары ооруканадан көз жумду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
A.Alymbek

26.01.2017. 14:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде да пиротехника саткандарга тиешелуу жерлерде кана саткыла десе, кобу туура эмес кабыл алат а качан кана кырсык болсо окмот эмне кылып жатат деп чыга келет. быйылкы жылы тыю салганы мага абдан эле жакты.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.