Таразда досунун кичинекей эгиз кыздарына сексуалдык зомбулук көрсөтүп келген жаран 17 жылга эркинен ажыратылды

Таразда досунун кичинекей эгиз кыздарына сексуалдык зомбулук көрсөтүп келген жаран 17 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда казакстандык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, тиешелүү чечимди 25-январь күнү Жамбыл облусунун райондор аралык соту чыгарган. Бирок айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган эмес.
"43 жаштагы айыпталуучу ыплас иштерин 5 жылдан бери жасап келген. Ал кыздардын атасы менен дос катары катышып, үйүнө байма-бай келип турчу. Мүмкүнчүлүк болуп калган учурда кыздарды ыплас иштерге мажбурлап, аларды видеого жана фотого тартып турган. Учурда кыздар 8 жашта, бирок ушул убакка чейин эч кимге айтышкан эмес. Болгону дос кызына айтып беришкен. Анан ал окуя тууралуу кыздардын ата-энесине айтып, иштин бети ачылган", - деп айтылат маалыматта.


Конул бурбай иш иш деп журо бергенго
((((