Бишкекте 42 жаштагы жаран 25 жыл мурун жасаган кылмышы үчүн кармалды
Бишкекте 42 жаштагы жаран 25 жыл мурун жасаган кылмышы үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1992-жылы милиция формасын кийген жаран Бишкек шаарынын “Орто-Сай” базарында сатуучу аялга өзүн укук коргоо органынын кызматкери катары тааныштырып, тамеки берүүсүн талап кылган. Бул кылмышка шектүү катары 1974-жылы туулган Айбек Жакыпов кармалган, бирок ал соттон качып жүргөн. Мындан улам аны сыртынан камакка алуу чечими чыгарылган. 2016-жылдын январь айында Октябрь райондук прокуратурасы Жакыповду издөө үчүн ишти Октябрь РИИБине өткөрүп берген. 2017-жылдын 25-январында жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин натыйжасында Айбек Жакыпов колго түшкөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
1

Канчалаган чондор коррупция кылып журушот соттолбой нетпей эле. А бул байкуш жашында бир адашып сигарет чеккиси келип кылган ишин 25 жылдан кийин кармап. Мамлекеттин акчасын жеген кылмышкерлерди коруп туруп кармаганга алы жетпейт.
Ошолордун балдары мас абалында машина менен сузуп адам олтуруп жатат, ошолорду издебейсинерби?
1. Жалаң баш тамга менен жазылган сөздөрдү жазууга болбойт.
2. Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.