super.kg logo
  Саясат  

Бусурманкул Табалдиев: "Ооганстандын айрым аймактары согушчандардын колуна өтүп жатат"

 

"Ооганстандын айрым аймактары согушчандардын колуна өтүп жатат". Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңешинин катчыларынын жолугушуусунда КРнын Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев билдирди. Анын айтымында, Борбордук Азия аймагы олуттуу өзгөрүүлөргө учурап жатат.  

 

Борбордук Азиядагы жана анын чегинен тышкары тездик менен өзгөрүп жаткан кырдаалды эске алып, аймакта коопсуздукту, туруктуулукту камсыздоонун бирдей кадамдарын иштеп чыгуу өзгөчө мааниге ээ болуп турат. Жакынкы аймактарда түзүлүп жаткан татаал жагдайлар өзгөчө чараларды колдонууну талап кылууда”, - деди ал.  

 

Ошондой эле Табалдиев Ооганстандагы жагдайлар аталган өлкөдөгү азыркы бийликтин алсыздыгынан татаалдашып жаткандыгын белгилеп, ШКУнун алкагында аймактагы абалдын кыйындашын алдын алуу боюнча биргелешкен чараларды кабыл алуу зарылчылыгын айтты.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: